Редакцияот 08.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын  кезексиз  VI-сессиясынын

 

2024-жылынын 08-августу №56

 

“Шекафтар айылына Беккари чуңкурун куруу жөнүндө.”

 

Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу  Шекафтар айылына Беккари чуңкурун куруу үчүн Чаткал райондук өнүктүрү фондуна сунуштоо зарылдыгы жөнүндөгү Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Б.Н.Исабековдун кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши  

Т О К Т О М    К Ы Л А Т:

 

1.Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Шекафтар айылына Беккари чункурун куруу үчүн түзүлгөн сметага ылайык Чаткал райондук өнүктүрүү фондуна Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан сунушталсын.

 

2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн КЭБ башчысы Т.Сувановага жана жер адиси И.Смановго милдеттендирилсин.

 

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, каржы, инвестиция, ишкердик жана коомдук иштери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

 

 

Терек-Сай айыл аймагынын

айылдык кеңешинин төрагасы :

 

Эргешов К.М.