Редакцияот 08.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын  кезексиз  VI-сессиясынын

 

2024-жылынын 08-августу №57

 

“Кызыл-Токой айылындагы Таза суунун курулуш иштерин баштоо жөнүндө.”

 

Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Токой айылындагы Таза суунун курулуш иштери үчүн түзүлгөн 37000,0 миң сомдук сметалык баасынын 50% тин Чаткал райондук өнүктүрүү фондунан суроо зарылдыгы жөнүндөгү Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Б.Н.Исабековдун кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши  

Т О К Т О М    К Ы Л А Т:

 

1. Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Токой айылындагы Таза суунун курулуш иштерин баштоо максатында курулуш иштери үчүн түзүлгөн 37000,0 миң сомдук  сметалык баасынын 18 500,0 миң сому (50%) Чаткал райондук өнүктүрүү фондуна Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан сунушталсын.

 

2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн КЭБ башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.

 

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, каржы, инвестиция, ишкердик жана коомдук иштери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

 

 

 

Терек-Сай айыл аймагынын

айылдык кеңешинин төрагасы :

 

Эргешов К.М.