Редакцияот 21.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАТТА-ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Катта–Талдык айылдык кеңешинин кезектеги XX–сессиясынын (жетинчи чакырылышы)

 

2023–жылдын 21-декабры № 20/4

Катта-Талдык айыл өкмөтүндөгү жаңы курулуп ишке киргизилген мекемелердин электр энергияларынын лимиттерин бекитүү жөнүндө

       Катта-Талдык айыл өкмөтүндөгү 2022-2023-жылдарда жаңы курулуп бүткөн мекемелердин электр энергияларынын лимиттерин планга киргизилиши боюнча  Катта-Талдык айылдык кеӊеши

 

                                                           ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1.Катта-Талдык айыл өкмөтүндө 2022-2023-жылдарда жаңы курулуп бүткөн Баш-Булак  жана Талдык айылдарында балдар бакчалары жаңыдан курулуп ишке киргизилген, ошондой эле Ачы айылындагы Шамырбек уулу Т атындагы орто мектебинин жаңы курулуп жаткандыгына байланыштуу ушул мекемелерге электр энергиясынан лимит бөлүп берүү жагы райондук финансы бөлүмүнөн суралсын.

2. Ушул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөттүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысына тапшырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы финансы жана бюджет боюнча  туруктуу комиссиясынын төрагасы  М.Малабековго жүктөлсүн.

Төрага                                                                                  К. Абдраев