КАТТА-ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Катта–Талдык айылдык кеңешинин кезектеги XIX–сессиясынын (жетинчи чакырылышы)
2023–жылдын 21-декабры № 20/5
Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн Садырбай айылынын № 239- контурундагы 0,12 га жер тилкесин мамлекттик менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын II бөлүмүнүн 32-беренесине ылайык Катта-Талдык айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Катта-Талдык айыл аймагынын Садырбай айылынын № 239 - контурунда жайгашкан 0,12 га жер тилкесине ФАП куруу үчүн макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Катта-Талдык айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер, коммуналдык менчик, соода байланыш, транспрот жол курулуш, энергетика, капиталдык курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага К. Абдраев