Редакцияот 08.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын  кезексиз  VI-сессиясынын

 

2024-жылынын 08-августу №63

 

“Сумсар жалпы орто билим берүүчү мектебин капиталдык ремонттон өткөрүү жөнүндө.”

 

Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Сумсар жалпы орто билим берүүчү мектебин капиталдык ремонттон өткөрүү жөнүндөгү Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Б.Н.Исабековдун кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап,  Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

Т О К Т О М    К Ы Л А Т:

 

1. Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Сумсар жалпы орто билим берүүчү мектебинин Сумсар айыл өкмөтү болуп турган учурундагы Сумсар жалпы орто билим берүүчү мектебин капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча смета-проектисине кирбей калган бөлүгүнүн смета-проектиси Чаткал райондук өнүктүрүү фондуна сунушталсын.

 

2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер адиси И.Смановго милдеттендирилсин.

 

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер, архитектура, экология, өнөр жай, муниципалдык менчик жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

 

 

Терек-Сай айыл аймагынын

айылдык кеңешинин төрагасы :

 

Эргешов К.М.