КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXIV cессиясы
2023-жылдын 28-декабрындагы № 97
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн КБФ нун жерлерин ижарага берүү үчүн аукциондун баштапкы баасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин бюджет жана экономикалык маселелер боюнча комитетинин туруктуу комиссиясынын мүчөсү Р. Долматовдун билдирүүсүн эске алып, угуп жана талкуулап Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн КБФ нун жерлерин ижарага берүү үчүн аукциондун баштапкы баасы 0,50 га жер үчүн жылына 2000 сом болуп бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы,Кара-Бак айылдык кеңешинин бюджет жана экономикалык маселелер боюнча комитетинин туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрайымы: | Ж.Шадиманова |