Редакцияот 16.10.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

 

БАРСКООН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ХXVIII-чакырылышынын VI-кезектеги сессиясы

 

2024-жылдын   14-сентябрындагы №  55                            

 

Тосор айылындагы эски бакчасынын ордун аксакалдар санжыра ордосун курууга жер бѳлүп берүү жѳнүндѳ

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине жана Мүлккѳ муниципалдык менчик жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Тосор маданият үйүнүн жетекчиси С.М.Бексултановдун кайрылуусун угуп талкуулап, жергиликтүү кеӊеши токтом кылат:

 

1. Тосор  айылында жайгашкан эски бала бакчага тиешелүү жер аянтынын ичинен  0,08 га жер тилкеси “Аксакалдар санжыра ордосун” курууга бѳлүнүп берилсин.

2. Ушул  токтом масссалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облусттук юстиция башкармалыгына жиберилсин.

3. Токтомдун тиешелүү иштерди алып баруу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Асанбаевге тапшырылсын.

 

 

 

Төрага                   М.Ибаков