Редакцияот 04.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын  кезексиз  VIII-сессиясынын

 

2024-жылынын 04-сентябры №68

 

“Жаны ачылып жаткан “Учур” мектепке чейинки билим берүү бөлүмүнүнүн кызматкерлеринин эмгек акысын карап берүү жөнүндө.”

 

Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылында жаңы ачылып жаткан “Учур” балдар бакчасынын кызматкерлерине эмгек акысын карап берүү жөнүндөгү “Бүчүр” балдар бакчасынын жетекчиси Г. Камчыбекованын жазган кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

Т О К Т О М    К Ы Л А Т:

 

1.Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндөгү мыйзамынын 11-беренесинин 7-бөлүмүнүн экинчи абзацынын негизинде, Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылында жаңы ачылып жаткан “Учур” балдар бакчасынын кызматкерлеринин эмгек акысы үчүн Терек-Сай айыл аймагынын бюджетинен 2 000 000 (эки миллион) сом акча каражаты каржыланып берилсин.

 

2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын каржы бөлүмүнүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.

 

3..Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, каржы, инвестиция, ишкердик жана коомдук иштери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

 

 

 

Терек-Сай айыл аймагынын

айылдык кеңешинин төрагасы :

 

Эргешов К.М.