Редакцияот 04.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын  кезексиз  VIII-сессиясынын

 

2024-жылынын 04-сентябры №69

 

“Ак-Терек айылынын аталышын жаздыруу жөнүндө.”

 

Терек-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Терек айылынын кире беришине айылдын аталышын жаздыруу жөнүндөгү Ак-Терек айылынын айыл башчысы Н.Акматовдун жазган кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

Т О К Т О М    К Ы Л А Т:

 

1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Терек айылынын кире беришине айылдын аталышын жаздыруу үчүн 400 000 (төрт жүз миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.

 

2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын каржы бөлүмүнүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.

 

3..Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, каржы, инвестиция, ишкердик жана коомдук иштери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

Терек-Сай айыл аймагынын

айылдык кеңешинин төрагасы :

 

Эргешов К.М.