Редакцияот 04.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын  кезексиз  VIII-сессиясынын

 

2024-жылынын 04-сентябры №71

 

““Терек-Сай аймактык ооруканасынын канализациясын ремонттоого акча каражатын карап берүү жөнүндө.”

 

Терек-Сай аймактык ооруканасынын канализациясы жакшы иштебей, оорулууларга ыңгайсыздык жаратып жаткандыктан, сантехникалык жумуштарын жасатууга акча каржатын карап берүү жөнүндөгү аталган мекеменин жетекчиси Р.Ташбаеванын жазган кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

Т О К Т О М    К Ы Л А Т:

 

1. Терек-Сай аймактык ооруканасынын канализациясы жакшы иштебей, оорулууларга ыңгайсыздык жаратып жаткандыктан, сантехникалык жумуштарын жасатууга 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.

 

2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын каржы бөлүмүнүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.

 

3..Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, каржы, инвестиция, ишкердик жана коомдук иштери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

Терек-Сай айыл аймагынын

айылдык кеңешинин төрагасы :

 

Эргешов К.М.