ЛЕБЕДИНОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 6-апрели № 17-1
“Дордой БИС” ЖЧКсынын жүргүнчүлөрдү ташуучү N 937 маршруттук
каттамынын тарифин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесинин 12-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 401 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-сентябрындагы № 519 "Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтомуна ылайык, “Дордой-БИС” ЖЧКсынын 2023-жылдын 23-мартындагы чыгыш № 018 катын карап чыгып, “Кырман-Дордой” маршруттук каттамы киргизилип жаткандыгына байланыштуу, Лебединовка айылдык кеңешинин 17-кезектеги сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. «Дордой-БИС» ЖЧКсынын жүргүнчүлөрдү ташуучу № 937 маршруттук каттамынын тарифи Лебединовка айылдык аймагынын Кырман конушунан Дордой базарына чейин 1 жүргүнчү үчүн 15 сом өлчөмдө бекитилсин.
2. Лебединов айыл өкмөтү:
- Кырман конушунун тургундарына белгиленген тариф боюнча жол кире акысын төлөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн;
- бул токтомду юстиция органдарында каттоодон өткөрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Лебединовка айылдык кеӊешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча:туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы Дж.М.Мукамбетовго жана Лебединовка айыл өкмөтүнүн башчысы Качкынбай у А. жүктөлсүн.
Лебединовка айылдык кеӊешинин төрагасы |
К.Умурбаев |