ШЕКЕР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шекер айыл аймагынын айылдык кеңешинин 1- чакырылышындагы депутаттарынын кезексиз №8-сессиясы
2024-жылдын 30-июлу № 48
Үйлөнүү үлпөтүн үй-бүлөлүк мааракелик салтанаттарды маркумду эскерүү үрп адаттарын жана маркумга арналган иш чараларды өткөрүүнүн тартиби тууралуу Жобону бекитүү жөнүндө
2022-жылдын 24-февралындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ №54 Жарлыгын жана Шекер айыл аймагынын үйлөнүү үлпөтүн үй-бүлөлүк мааракелик салтанаттарды маркумду эскерүү үрп адаттарын жана маркумга арналган иш чараларды өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Жобосунун долбоорун угуп, карап чыгып,талкуулап Шекер айыл аймагынын айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шекер айыл аймагынын үйлөнүү үлпөтүн үй-бүлөлүк мааракелик салтанаттарды маркумду эскерүү үрп адаттарын жана маркумга арналган иш чараларды өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Жобо тиркемеге ылаык бекитилсин (Жобо тиркелет).
2. 2022-жылдын 24-февралындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ №54 Жарлыгын аткаруу максатында айыл өкмөтү тарабынан 7 кишиден кем эмес комиссия курамы түзүлсүн
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Шекер айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага |
| К.Э.Иманалиев |
|
| “БЕКИТИЛДИ” Шекер айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2024-жылдын 30-июлундагы № 48 токтому менен |
Шекер айыл аймагында үй – бүлөлүк салтанаттарды жана
өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө
бекитилген типтүү ЖОБО
1. Жалпы жоболор
2. Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун жана күчүнө киргизүүнүн тартиби
3. Үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби
4. Өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарды өткөрүүнүн тартиби
5. Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү комиссиялар жана кызмат адамдары
6. Жергиликтүү комиссия
7. Жобонун талаптарын бузган үчүн жоопкерчилик
I. Жалпы жоболор
1.1. Бул Жобо “Кыргыз Республикасында үй – бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын иретке келтирүү чаралары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ №54 Жарлыгына ылайык, жергиликтүү калктын өзгөчөлүгүн жана салтын эске алып иштелип чыккан, жергиликтүү жамааттын жыйынында кабыл алынган эрежелерди камтыйт.
1.2. Жобонун максаты Шекер айыл аймагынын айылдарында үй-бүлөүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүү, аларды өткөрүүдө убара керчиликке, өлүк ээсин мажбурлоого өзүн көрсөтүүгө умтулууга башка алдамдардын социалдык абалын тоготпоого, ашыкча ысырап корчулукка, элдин салт-саанасын, үрп-адаттын тоготпоого жол бербөө, ата-салтына жат терс жөрөлгөлөрдүн күндөлүк турмушта жайылышына бөгөт коюу, элибиздин нукура салт-санаасын жана ырым-жарымдарын кеңири пропагандалоо жана жайылтуу болуп эсептелет.
2. Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби
2.1. Шекер айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону (мындан ары-жобо) иштеп чыгуу үчүн айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругу менен жергиликтүү кеңештин депутаттарынын, ардагерлердин, аялдар жана жаштар уюмдарынын, аксакалдар сотунун, диний уюмдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын, жергиликтүү коомдоштуктун өкүлдөрүнөн турган жумушчу тобу түзүлөт.
2.2. Ушул типтүү жобонун негизинде жумушчу тобунун тарабынан иштелип чыккан жобонун долбоору айылдык жыйындарда талкууланат, жалпыга тааныштыруу үчүн такталарга илинет, айыл өкмөтүнүн жергиликтүү сайттарына жайгаштырылат. Келип түшкөн иштиктүү сунуштар эске алынып, жобонун долбооруна киргизилет. Иштелип чыккан жобо жергиликтүү кеңештин сессиясында бекитилет.
2.3. Жобону бекитүү жөнүндө жергиликтүү кеңештин токтому белгиленген тартипте жергиликтүү кеңештин сайттарына жарыяланат.