Редакцияот 17.10.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛТЫН-АРАШАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

XXVIII-чакырылышынын кезектеги  6-сессиясы

 

 

2024-жылдын   05  август    № 38                           

 

Жер тилкесин трансформациялоого

макулдук берүү жөнүндө

       Алтын-Арашан жергиликтүү Кенеш Алтын-Арашан айыл аймагына караштуу Бөрү-Баш айылынын тургуну Мандылкаев Рамил Мукаевич  №707 контурундагы 0,20га жайыт жер тилкесин мал сарай үйү менен курууга уруксат берүү боюнча арызын карап, таанышып чыгып Алтын-Арашан жергиликтүү Кенеш токтом кылат: 

     1. Алтын-Арашан айыл аймагындагы Бөрү-Баш айылына караштуу айыл чарба категориясындагы №707 контурундагы 0,20 га жер тилкесин ошол эле категорияда мал чарбасын өнүктүрүү үчүн курулуш куруу максатында багытын өзгөртүүгө (трансформациялоого) макулдук берет 

     2. Ак-Суу райондук мамлекеттик администрацияга багытын өзгөртүп берүү боюнча суралуусу Алтын-Арашан айыл өкмөт башчысы Э.Кулетовго милдеттендирилсин

    3.Бул токтомдун аткарылышы жана көзөмөлдөө жагы жергиликтүү Кенештин жер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Ашировго жүктөлсүн.

 

Тѳрага                                                                                                      Т. Иманалиев