Редакцияот 17.10.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛТЫН-АРАШАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

         XXVIII-чакырылышынын кезектеги  6-сессиясы

 

 

2024-жылдын  05  август  № 42                                                      

 

Жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө

      Алтын-Арашан жергиликтүү Кенеш  Алтын-Арашан айыл аймагынын              Үч-Кайнар  айылынын тургуну Токтомамбетов Темирбек Кожоевич кашардын жанындагы  №390  контурунда жайгашкан 0,05 га жер тилкесин берүү боюнча арызын карап, таанышып чыгып Алтын-Арашан жергиликтүү Кенеш токтом кылат: 

     1.  Үч-Кайнар айылынын тургуну Токтомамбетов Темирбек Кожоевичке №390  контурунда жайгашкан 0,05 га малчынын үйүн  курууга  макулдук берет.

     2.Бул токтомдун аткарылышы жана көзөмөлдөө жагы Алтын-Арашан айыл өкмөт башчысы Э.Кулетовго жүктөлсүн .

 

Тѳрага                                                                                             Т. Иманалиев