Редакцияот 17.10.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АЛТЫН-АРАШАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

XXVIII-чакырылышынын кезектеги  6-сессиясы

 

 

2024-жылдын  05 августу     № 44                                                 

Жер тилкесин  жашылдандырууга

макулдук берүү жөнүндө

 

       Алтын-Арашан жергиликтүү Кенеш Алтын-Арашан айыл аймагына караштуу Жаңы-Арык айылынын тургуну Жаныбек уулу Руслан  Эркетан базынын жанында жайгашкан   №210 контурундагы 0,25га жайыт жер тилкесин  жашылдандырууга берүү боюнча арызын карап, таанышып чыгып Алтын-Арашан жергиликтүү Кенеш токтом кылат: 

      1.Алтын-Арашан айыл аймагындагы Жаңы-Арык айылындагы №210 контурундагы 0,25га жайыт жер тилкесин жашылдандырууга макулдук берет 

       2.Ак-Суу райондук мамлекеттик администрацияга багытын өзгөртүп берүү боюнча суралуусу Алтын-Арашан айыл өкмөт башчысы Э.Кулетовго милдеттендирилсин

       3.Бул токтомдун аткарылышы жана көзөмөлдөө жагы жергиликтүү Кенештин жер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Ашировго жүктөлсүн.

 

Тѳрага                                                                                             Т. Иманалиев