Редакцияот 17.10.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

АЛТЫН-АРАШАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

XXVIII-чакырылышынын кезектеги  6-сессиясы

 

2024-жылдын  05  августунун   № 48                                                      

Жер тилкесинин багытын өзгөртүүгө

макулдук берүү жөнүндө

 

        Алтын-Арашан жергиликтүү Кенеш  Алтын-Арашан айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Э.Кулетов Жаӊы-Арык айылынын күн чыгыш тарабындагы №739контурундагы идентификациялык коду №201091003-0036 болгон жер тилкенин багытын “Унаа базарын” уюштуруу максатында өзгөртүп берүү боюнча кайрылуусуна карап, таанышып чыгып Алтын-Арашан жергиликтүү Кеӊеш токтом кылат:

       1.Жаӊы-Арык айылынын күн чыгыш тарабындагы №739контурундагы 1.0 га жер тилкеси идентификациялык коду №2-01-09-1003-0036 болгон жер тилкенин багытын өзгөртүүгө макулдук берет

            2.Ак-Суу райондук мамлекеттик администрацияга багытын өзгөртүп берүү боюнча суралуусу Алтын-Арашан айыл өкмөт башчысы Э.Кулетовго милдеттендирилсин

       2.Бул токтомдун аткарылышы жана көзөмөлдөө жагы Алтын-Арашан жергиликтүү Кенештин туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Ашировго жүктөлсүн

 

Тѳрага                                                                                             Т. Иманалиев