Редакцияот 21.07.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

2022-жылдын 21-июлу № 92-28

 

“Аламүдүн-Авто-Транс” МИнин тарифи жөнүндө

 

“Аламүдүн-Авто-Транс” МИнин директору М.К.Карамергеновдун маалыматын угуп жана талкуулап, Гидровская,Новая көчөлөрүнүн жашоочуларынын чогулушунун протоколун карап чыгып, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27, 34 беренелерине ылайык Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

1. Аламүдүн айыл аймагынын “Аламүдүн-Авто-Транс” муниципалдык ишканасынын автобусунда жүрүү үчүн тариф – 15 сомдон бекитилсин;

  - Гидровская, Новая көчөлөрүнүн жашоочулары үчүн – 20 сомдон бекитилсин;

- пенсионерлер – 10 сом;

- окуучулар- 10 сом.

2. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.

3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.

 

 

Төрага

А.П. Филимоненко