Редакцияот 21.07.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

2022-жылдын 21-июлу № 93-28

 

2022-жылга карата СЭӨПга өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндө

 

Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Кольбаевдин катын карап чыгып жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20 октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27 беренелерине ылайык Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

1. 2022-жылга карата СЭӨПнын мектептер үчүн жабдууларды сатып алуу боюнча 4-пунктуна 2400000 (эки миллион төрт жүз миң) сом өлчөмүндө кошумча акча каражатын бөлүү тууралуу өзгөртүү жана толуктоо жактырылсын.

2. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.

3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.

Төрага

А.П. Филимоненко