Редакцияот 17.10.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛТЫН-АРАШАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

XXVIII-чакырылышынын кезектеги  6-сессиясы

 

2024-жылдын   05  август   № 52                                                

Жер тилкесинин багытын өзгөртүүгө

макулдук берүү жөнүндө

 

        Алтын-Арашан жергиликтүү Кенеш   Алтын-Арашан айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Э.Кулетов Тегизчил айылынын салынган социалдык шаарчанын ичиндеги №1 участогунун 11 148.08м², мечит, медресе №2 участогунун 2500м², “Эмкана” №3 участогунун 1000м², “тигүү цех” №4 участогунун 1000м² чарчы жер тилкелеринин багытын өзгөртүп берүү боюнча кайрылуусуна карап, таанышып чыгып Алтын-Арашан жергиликтүү Кеӊеш токтом кылат:

       1. Тегизчил айылынын салынган социалдык шаарчанын ичиндеги            №1 участогунун 11 148.08м², мечит, медресе №2 участогунун 2500м², “Эмкана” №3 участогунун 1000м², “тигүү цех” №4 участогунун 1000м² чарчы жер тилкелеринин багытын өзгөртүүгө макулдук берет

            2.Ак-Суу райондук мамлекеттик администрацияга багытын өзгөртүп берүү боюнча суралуусу Алтын-Арашан айыл өкмөт башчысы Э.Кулетовго милдеттендирилсин

       2.Бул токтомдун аткарылышы жана көзөмөлдөө жагы Алтын-Арашан жергиликтүү Кенештин туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Ашировго жүктөлсүн

 

Тѳрага                                                                                             Т. Иманалиев