Редакцияот 27.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы

2023-жылдын 27-апрели № 5

Коргон-Сай жана Кара-Суу айылдарындагы мазарларды королоо жөнүндө

Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 27.04.2023-жылдын №01-19/322 чыгыш сандуу 5-пунктунда Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Коргон-Сай жана Кара-Суу айылдарындагы мазарларды королоого керектелүүчү курулуш материалдарына акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы токтом кылат:

 

1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 27.04.2023-жылдын №01-19/322 чыгыш сандуу кайрылуусунун 5-пункту эске алынсын.

 

2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Коргон-Сай жана Кара-Суу айылдарындагы мазарларды королоого керектелүүчү курулуш материалдарын сатып алууга даярдалган сметанын негизинде 400 283 (төрт жүз миң эки жүз сексен үч) сом акча каражатын активдер жана милдеттемелер беренесинен жылдырылып берилсин.

 

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго милдеттендирилсин.

 

Төрага

М.Ш. Аликеев