Редакцияот 03.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

ЭРГЕШ АЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Эргеш Алиев айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги V сессиясынын

 

2024-жылдын 03-июну  №2

 

“Жарандын арызын кароо жөнүндө”

 

          Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын №67 “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 27-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 34-бренесине ылайык Эргеш Алиев айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги V сессиясы   токтом кылат: 

1.Эргеш Алиев айылдык кеңешинин депутаты, Бөбүй айылынын тургуну Б.Ибирагимованын арызы эске алынсын.

2. Арызда көрсөтүлгөн маселени жеринде барып чечүү үчүн төмөдөгүдөй комиссия курамы түзүлсүн:

- А.Сыдыков – айылдык кеңешинин депутаты, комиссиянын төрагасы;

- Б.Ибирагимова – айылдык кеңешинин депутаты, комиссиянын

Катчысы.

Мүчөлөрү:

- Н.Ажыкулов- айыл өкмөттүн бөлүм башчысы;

- Н.Абарбеков – жер маселелери боюнча башкы адис;

- Ш.Камбаров – айылдык кеңештин депутаты.

3. Жогоруда түзүлгөн комиссия курамына Б.Ибирагимованын арызында көрсөтүлгөн контурларды бир айлык мөөнөттө тактап, көрсөтүп берүү милдеттендирилсин.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

Эргеш Алиев айылдык кеңешинин

төрагасы

 А.Нишанбаев