КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы
2023-жылдын 27-апрели № 11
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн балансындагы авто унааларды мамлекеттик техникалык кароодон өткөрүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 27.04.2023-жылдын №01-19/322 чыгыш сандуу 11-пунктунда Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн балансындагы авто унааларды мамлекеттик техникалык каттоодон өткөрүү жөнүндө кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 27.04.2023-жылдын №01-19/322 чыгыш сандуу кайрылуусунун 11-пункту эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн балансындагы авто унааларды мамлекеттик техникалык каттоодон өткөрүүгө 125 203 (жүз жыйырма беш миң эки жүз үч) сом акча каражатын активдер жана милдеттемелер беренесинен жылдырылып берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго милдеттендирилсин.
Төрага | М.Ш. Аликеев |