Редакцияот 04.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын  кезексиз  VIII-сессиясынын

 

2024-жылынын 04-сентябры №74

 

“Терек-Сай айыл аймагына караштуу айылдардагы лицензиялык аянтка кирген жерлерди лицензиялык аянттан чыгаруу жөнүндө.”

 

Терек-Сай айыл аймагына караштуу айылдардагы лицензиялык аянтка кирип калган жер аянттарын айыл аймакта ишмердүүлүгүн жүргүзгөн фирмалардын лицензиялык аянттынан чыгаруу керектиги жөнүндөгү Терек-Сай айыл аймагынын депутаттарынын кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

Т О К Т О М    К Ы Л А Т:

 

1.Терек-Сай айыл аймагына караштуу айылдардагы (Кызыл-Токой, Терек-Сай, Ак-Терек) лицензиялык аянтка кирип калган жер аянттарын айыл аймакта ишмердүүлүгүн жүргүзгөн фирмалардын лицензиялык аянтынан чыгаруу боюнча мыйзам чегинде иш алып баруу Терек-Сай айыл аймагына сунушталсын.

 

2..Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер , архитектура, экология, муниципалдык менчик жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

 

 

 

Терек-Сай айыл аймагынын

айылдык кеңешинин төрагасы :

 

Эргешов К.М.