Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Көк-Арт айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын  кезектеги  III сессиясынын

 

2024-жылынын 19-апрели №4

 

“Көк-Арт айыл аймагынын адмнистративдик чек арасынын схемалык картасы жана тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берүү жөнүндө”

 

Көк-Арт айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III-сессиясы,

Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Арт айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Көк-Арт айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып, жана талкуулап Көк-Арт айыл аймагынын айылдык кеңеши төмөнкүдөй токтом кылат:

 

 

1.     Көк-Арт айыл амагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.

2.     Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасына жана Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысына Схемалык картага кол коюу тапшырылсын.

 

3.     Бул токтомдун көчүрмөсү Сузак райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.

 

          4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

 

Төрага :

А.А. Энназаров