КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы
2023-жылдын 27-апрели № 17
Резервдик фонддогу акча каражатын жылдырып берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 27.04.2023-жылдын №01-19/322 чыгыш сандуу 17-пунктунда Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын IV-кварталына каралган акча каражатын жылдырып берүү жөнүндөгү кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 27.04.2023-жылдын №01-19/322 чыгыш сандуу кайрылуусунун 17-пункту эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын IV-кварталына резервдик фондко каралган акча каражатын 2023-жылдын II-кварталына жылдырылып берилсин. Мыйзамдуулук жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго милдеттендирилсин.
Төрага | М.Ш. Аликеев |