Редакцияот 27.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы

2023-жылдын 27-апрели № 18

“Каныш-Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасынын кайрылуусун кароо жөнүндө

“Каныш-Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасынын 26.04.2023-жылдын №6 чыгыш сандуу учурдагы иштетилип жаткан XE60WA-экскватордун распридитель запастык бөлүгүн алмаштырууга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы токтом кылат:

 

1. “Каныш-Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасынын 26.04.2023-жылдын №6 чыгыш сандуу кайрылуусу эске алынсын.

 

2. “Каныш-Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасынын учурдагы иштетилип жаткан XE60WA-экскватордун распридитель запастык бөлүгү жараксыз абалга келгендиктен алмаштырууга 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражатын активдер жана милдеттемелер беренесинен жылдырылып берилсин.

 

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго милдеттендирилсин.

 

Төрага

М.Ш. Аликеев