Редакцияот 27.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы

2023-жылдын 27-апрели № 20

Каныш-Кыя жайыт пайдалануучулар бирикмесинин кайрылуусун кароо жөнүндө

Каныш-Кыя жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы У.Орозбаевдин 26.04.2023-жылдын №10 чыгыш сандуу Коргон-Төбө жайлоосуна өтүү үчүн Чандалаш суусуна курулган асма көпүрөнү оңдоп-түзөөдөн өткөрүү жөнүндө кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы токтом кылат:

 

1. Каныш-Кыя жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы У.Орозбаевдин 26.04.2023-жылдын №10 чыгыш сандуу кайрылуусу эске алынсын.

 

2. Жайыттардын абалын жакшыртуу, чабандарга шарт түзүү максатында Коргон-Төбө жайлоосуна өтүү үчүн Чандалаш суусуна курулган асма көпүрөнү оңдоп-түзөөдөн өткөрүүгө керектелүүчү материалдарды сатып алууга Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин эсебинен акча каражатын жумшоого уруксат берилсин.

 

 

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы У.Орозбаевге милдеттендирилсин.

 

Төрага

М.Ш. Аликеев