Редакцияот 27.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы

2023-жылдын 27-апрели № 21

Ак-Көл каналынын долбоор сметасын даярдоого уруксат берүү жөнүндө

Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 27.04.2023-жылдын №01-19/323 чыгыш сандуу Ак-Көл каналынын долбоор сметасын даярдоо жөнүндө кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы токтом кылат:

 

1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 27.04.2023-жылдын №01-19/323 чыгыш сандуу кайрылуусу эске алынсын.

 

2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Кайың-Суу айылында жайгашкан Ак-Көл каналынын долбоор сметасын даярдоого уруксат берилсин.

 

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго милдеттендирилсин.

 

Төрага

М.Ш. Аликеев