Редакцияот 27.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы

2023-жылдын 27-апрели № 22

“Бал тил” мектепке чейинки билим берүү уюмуна акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 25.04.2023-жылдын №01-19/306 чыгыш сандуу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Жер-Капчыгай айылында жайгашкан “Бал тил” мектепке чейинки билим берүү уюмуна кошумча ачылган тайпага керектелүүчү буюмдары жана тамак ашына акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы токтом кылат:

 

1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 27.04.2023-жылдын №01-19/306 чыгыш сандуу кайрылуусу эске алынсын.

 

2. “Бал тил” мектепке чейинки билим берүү уюмуна кошумча ачылган 25 (жыйырма беш) орундуу тайпага керектелүүчү буюмдарына жана тамак-ашына 700 000 (жети жүз миң) сом акча каражатын активдер жана милдеттемелер беренесинен жылдырылып берилсин.

 

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго милдеттендирилсин.

 

Төрага

М.Ш. Аликеев