Редакцияот 16.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Көк-Арт айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын  кезектеги  IV сессиясынын

 

2024-жылынын 19-апрели №6

 

“Кара-Алма-Урумбаш токой чарбаларынын жайыт акыларын бекитүү жөнүндө”

 

 

Көк-Арт айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы,

Көк-Арт айыл аймагынын Кара-Алма-Урумбаш токой чарбасынын жетекчиси Э.Анарбай уулунун жана Көк-Арт айылдык кеңешинин айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап, талкуулап Көк-Арт айыл аймагынын айылдык кеңеши төмөнкүдөй токтом кылат:

 

 

1.     Кара-Алма- Урумбаш токой чарбаларынын жайыт жерлеринин акыларынын баалары № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

2.     Ушул бекитилген баалардын негизинде токой мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын чегинде иш алып баруу жагы Кара-Алма-Урумбаш токой чарбасынын жетекчиси Э.Анарбай уулуна милдеттендирилсин.

         

          3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик- укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жооптуу катчы А.Джапаровго жүктөлсүн.

 

          4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

 

 

Төрага :

А.А. Энназаров

 

 

 

 

 

 

 

“Бекитемин”

Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасы: _______________________ А.Энназаров

М.О “_____” ______________2024-ж.

Көк-Арт айылдык кеңешинин 16-май 2024-жылдагы

          кезексиз IV-сессиясынын № 6-токтомуна №1-тиркеме

№

 

Айыл чарба жандыктары

Бир баш жандыктын бир айлык жайыт ченеми, га

Жер салыгынан сырткары ижара акынын өлчөмү, сом менен

1

Кой

0,25

75,0

2

Козу

9,25

37,0

3

Эчки

-

600,0

4

Улак

-

200,0

5

Бодо мал

54,75

219,0

6

Торпок

27,25

109,0

7

Жылкы

57,25

230,0

8

Кулун

27,25

109,0

9

Чатыр орнотууга

500,0

500,0

 

 

 

Директор Анарбай уулу Э