КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы
2023-жылдын 27-апрели № 23
Жарандардын кайрылууларын кароо жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы турмуш шарты оор, ден соолугуна байланыштуу жардамга муктаж үй-бүлөлөргө акчалай жардам берүү боюнча кайрылууларын карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы жардамга муктаж жарандардын кайрылуулары эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы турмуш шарты оор, ден соолугуна байланыштуу жардамга муктаж үй-бүлөлөргө Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн бекитилген бюджетинин социалдык төлөмдөргө бөлүнгөн акча каражатынан 140 000 (жүз кырк миң) сом акча каражаты тиркемеде көрсөтүлгөн жарандарга бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго, көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төрага | М.Ш. Аликеев |
Каныш-Кыя айыл аймагындагы турмуш шарты оор, ден соолугуна байланыштуу
жардамга муктаж үй-бүлөлөргө акчалай жардам берүү боюнча Каныш-Кыя
айылдык кеңешинин кезектеги XXVII сессиясынан колдоо тапкан акча
каражаттары:
№ | ФИО | Айылы | Багыты | Бөлүнгөн акча каражаты |
1 | Рысдөөлөтова Айнура
| Каныш-Кыя | уулу Заирбек уулу Исаны даарылоого | 40 000 сом |
2 | Эркинбек уулу Бегимкул | Коргон-Сай | кызы Эркинбекова Маликанын даарылануусуна
| 100 000 сом |
| Жалпы: |
|
| 140 000 сом. |
Төрага | М.Ш. Аликеев |