КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы
2023-жылдын 27-апрели № 24
Кызматтык үйлөрдүн курулуш иштерине коммуналдык камсыздоо жана айланасын королоо жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 25.04.2023-жылдын №01-19/307 чыгыш сандуу Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгы тарабынан курулуп жаткан кызматтык үйлөрдүн курулуш иштерине көмөк көрсөтүү жөнүндө кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 25.04.2023-жылдын №01-19/307 чыгыш сандуу кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагынын Таштак участкасындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгы тарабынан курулуп жаткан кызматтык үйлөрдүн курулуш иштерине көмөк көрсөтүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго милдеттендирилсин.
Төрага | М.Ш. Аликеев |