Редакцияот 27.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы

2023-жылдын 27-апрели № 26

Чалданбаев Жоодарбектин үй-бүлөсүнө жардам берүү жөнүндө

Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Каныш-Кыя айылынын тургуну Чалданбаев Жоодарбектин 24.04.2023-жылдагы үй-бүлөлүк шартына байланыштуу жардам сурап жазган кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы токтом кылат:

 

1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Каныш-Кыя айылынан тургуну Чалданбаев Жоодарбектин кайрылуусу эске алынсын.

 

2. Каныш-Кыя айылынын тургуну Чалданбаев Жоодарбек үй-бүлөлүк шартын эске алып жардам катары Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн бекитилген бюджетинин социалдык төлөмдөргө бөлүнгөн акча каражатынан 75 000 (жетимиш беш миң) сом бөлүнүп берилсин.

 

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго, көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.

 

Төрага

М.Ш. Аликеев