КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы
2023-жылдын 27-апрели № 27
Кошбаев Мухамед Сапарбекович Анталия шаарына грекрим боюнча эл аралык
мелдешке барып келүү үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Айгыр-Жал айылынын тургуну Кошбай уулу Сапарбектин 17.04.2023-жылдагы катында уулу Кошбаев Мухамед Сапарбекович грекрим күрөшү боюнча Анталия шаарына барып келүүсүнө акча каражатын сурап жазган кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Айгыр-Жал айылынын тургуну Кошбай уулу Сапарбектин 17.04.2023-жылдагы кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Айгыр-Жал айылынын тургуну Кошбаев Мухамед Сапарбекович грекрим күрөшү боюнча Туркия мамлекетинин Анталия шаарында өтүлүүчү эл аралык мелдешке катышып келүү үчүн спорттук иш-чараларга бөлүнгөн акча каражатынан 50 000 (элүү миң) сом бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго тапшырылсын.
Төрага | М.Ш. Аликеев |