КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын
2024-жылынын 16-майы №9
“Көчөгө ат коюу жөнүндө”
Көк-Арт айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы,
Көк-Арт айыл аймагындагы Жалгыз-Жангак айылындагы Жалал-Абад –Балыкчы авто жолунан Айгыр жал жака кеткен аты жок көчөгө Эмгек Ардагери Батыров Мийзам ажынын атын коюп берүүнү сурап Жалгыз-Жангак айылынын тургуну Батыров Исмайылдын жазган 18.04.2024-жылдагы кириш № 6 сандуу кайрылуусун жана айылдык кеңештин Укук, мыйзамдуулук жана этика боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап чыгып, талкуулап Көк-Арт айыл аймагынын айылдык кеңеши төмөнкүдөй токтом кылат:
- Көк-Арт айыл аймагына караштуу Жалгыз-Жангак айылындагы Жалал-Абад-Балыкчы авто жолунан Айгыр жал жака кеткен аты жок көчөгө Эмгек Ардагери Батыров Мийзам ажы ысымы ыйгарылсын;
- Көчөнүн тазалыгын кароо жагы Батыров Мийзандын үй-бүлөсүнө жана кайрылуу ээсине милдеттендирилсин.
- Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жооптуу катчы А.Джапаровго жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Укук,Мыйзамдуулук жана Этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага : | А.А. Энназаров |