ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ысык-Ата айылдык кеңешинин 28-чакырылган кезектеги XXΙΙ (жыйырма экинчи) сессиясы
2023-жылдын 27-ноябры №157/XXII-28
Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Ысык-Ата йылдык кеңешинин депутаттары Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 27-ноябрындагы №03-13/776 катын карап, талкуулап чыгып, Ысык-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Аппарат бөлүмүнүн 2221 беренесине айыл өкмөтүнүн мекемесинин жылытуучу системасын кезектеги оңдоодон өткөрүүгө 300,0 мин сом каралсын.
2. Социалдык камсыздоо бөлүмүнө 100,0 мин сомун 2721 беренесине материалдык жардам берүүгө каралсын;
3. ЖКУ бөлүмүнүн 3111 беренесине 50,0 мин сом акча каражаты флагшток жасатууга каралсын.
4. Билим берүү бөлүмүндөгү кабель сатып алууга каралган 50,0 миң сом акча каражаты 3112 беренесине О.Болобалаев мектебине окуу китептерин сатып алууга каралсын;
5. Республиканын бюджетинен келген бирдиктүү салык үчүн компенсацияланган 638,2 миң сом акча каражаты аппарат бөлүмүнүн 2221 беренесине административдик мекемени кезектеги оңдоодон өткөрүүгө каралсын.
6. 1012,1 миң сом акча каражаты 3112 беренесине 4 мектепке (Бөлөбалаев, Рахманов, Сулайманов, Жакишев) интерактивдик панель сатып алууга каралсын.
7. Бул токтомдун аткарылышын бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссия көзөмөлгө алсын.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага | Ж.Бейшекеев |