Редакцияот 27.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ысык-Ата айылдык кеңешинин 28-чакырылган кезектеги XXΙΙ (жыйырма экинчи) сессиясы

2023-жылдын 27-ноябры №159/XXII-28

“Таштанды чогултуучу автоунаасын алуу жөнүндө” долбооруна макулдук берүү жана өздүк салымын кароо жөнүндө

Ысык-Ата айылдык кеңешинин депутаттары “Таштанды чогултуучу автоунаасын алуу жөнүндө” долбооруна макулдук берүү жана өздүк салымын кароо жөнүндө” маселесин карап талкуулап чыгып, Ысык-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. “Таштанды чогултуучу автоунаасын алуу жөнүндө” долбооруна макулдук берилсин жана 1,0 млн.сом өздүк салым катары 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинен каралсын.

2. “Таштанды чогултуучу автоунаасын алуу жөнүндө” долбоору тийиштүү фондтторго мөөнөтүнөн кечикпестен тапшырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссия көзөмөлгө алсын.

Токтом бир добуштан кабыл алынды.

 

Төрага

Ж.Бейшекеев