Редакцияот 27.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ысык-Ата айылдык кеңешинин 28-чакырылган кезектеги XXΙΙ (жыйырма экинчи) сессиясы

2023-жылдын 27-ноябры №164/XXII-28

Үй-бүлөлүк Дарыгерлер Тобунунун жетекчисинин, ФАП жетекчилеринин, мектеп директорлорунун, жайыт комитетинин жылдык отчеттору

Ысык-Ата айыл аймагынын Үй-бүлөлүк Дарыгерлер Тобунунун жетекчисинин, ФАП жетекчилеринин, мектеп директорлорунун, жайыт комитетинин жылдык отчеттору жөнүндө берген баяндамаларын Ысык-Ата айылдык кеңешинин депутаттары угуп,талкуулап чыгып, Ысык-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы А.Тологоновго Үй-бүлөлүк Дарыгерлер Тобунунун жетекчиси, ФАП жетекчилери, мектеп директорлору, жайыт комитети менен алгылыктуу иш алып баруусу милдеттендирилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык иштер, мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

Токтом бир добуштан кабыл алынды.

 

Төрага

Ж.Бейшекеев