ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ысык-Ата айылдык кеңешинин 28-чакырылган кезектеги XXΙΙ (жыйырма экинчи) сессиясы
2023-жылдын 27-ноябры №166/XXII-28
Алмалуу айылындагы Бөлөбалаев атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин 2,2га жер тилкесин Ысык-Ата айыл өкмөтүнө муниципалдык менчик катары бекитүү жөнүндө
“Алмалуу айылындагы Бөлөбалаев атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин 2,2га жер тилкесин Ысык-Ата айыл өкмөтүнө муниципалдык менчик катары бекитүү жөнүндө” Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы А.Тологоновдун кайрылуусун Ысык-Ата айылдык кеңешинин депутаттары угуп,талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13,32 -п.4 беренелеринин негизинде Ысык-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ысык-Ата айыл аймагынын Алмалуу айылында жайгашкан О.Бөлөбалаев атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин 2,2 га жер тилкесин Ысык-Ата айыл өкмөтүнө менчик катары бектилип берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигине караштуу “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Ысык-Ата филиалынын мыйзам чегинде каттоо жагы суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ысык-Ата айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага | Ж.Бейшекеев |