Редакцияот 16.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Көк-Арт айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын  кезектеги  IV сессиясынын

 

2024-жылынын 16-майы №10

 

“Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасына сунуштоо жөнүндө”

 

Көк-Арт айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы,

Көк-Арт айыл аймагындагы №10 “Көк-Арт” мектеп-гимназиясынын математика мугалими Эшигеева Гульмира Тилебалдыевнаны көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн КР нын Президентинин “Ардак грамотасына” сунуштоону сурап, №10 “Көк-Арт” мектеп-гимназиясынын эмгек жааматынын 18,04.2024-жылдагы кириш №7 сандуу кайрылуусун жана айылдык кеңештин Укук, Мыйзамдуулук, Этика боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап чыгып, талкуулап Көк-Арт айыл аймагынын айылдык кеңеши төмөнкүдөй токтом кылат:

 

1.     Көк-Арт айыл аймагындагы №10 “Көк-Арт” мектеп-гимназиясынын математика мугалими Эшигеева Гульмира Тилебалдыевнаны көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн КР нын Президентинин “Ардак грамотасына” сунушталсын;

 

2.     Тийиштүү иш кагаздарын даярдоо жагы Көк-Арт айыл өкмөтунун башчысы О.Анаркуловго жана мектеп жетекчилигине милдеттендирилсин.

 

3.     Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

 

 

 

 

Төрага :

А.А. Энназаров