НУРАБАД АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Нурабад айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы
2021-жылдын 30-июлу № 03-03
Нурабад айыл өкмөтүнүн аймагындагы калкты жана ар түрдүү ишкана-мекемелерди электр энергиясы менен камсыздоонун абалы жөнүндө
Нурабад айыл өкмөтүнүн аймагындагы калкты жана ар түрдүү ишкана-мекемелерди электр энергиясы менен камсыздоонун абалы боюнча айылдык кеңешинин депутаттары тарабына талкууланып, Нурабад айылдык кеңеши
Токтом кылат:
1. Нурабад айыл өкмөтүнүн калкты электр энергиясы менен сапаттуу жана үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча Араван РЭТ тин Тепе-Коргон жана Нурабад айыл өкмөттөрү боюнча участкасынын алып барган иштери» «Канааттандырарлык» деп табылсын.
2. Араван РЭТтин Тепе-Коргон жана Нурабад айыл өкмөттөрү боюнча участкасынын кызматкелерине калктын көйгөйлүү маселелерин чечүү үчүн зарыл шарттарды түзүү сунушталсын.
3. Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Нурабад айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Юсупов |