Редакцияот 16.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Көк-Арт айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын  кезектеги  IV сессиясынын

 

2024-жылынын 16-майы №16

 

“Баланска алуу жөнүндө”

 

Көк-Арт айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы,

Көк-Арт айыл аймагына караштуу Мазар-Булак айылындагы “Чеки” дыйкан чарбасы пайдаланып келген ашыкча 4,58 га жер аянтын көз карандысыз баалоочуга баалатып, баланска алуу менен укук аныктоочу иш кагаздарын алууну талап кылып Көк-Арт айыл өкмөтүнун мурдагы башчысы Э.М.Жумуковго Сузак районунун прокуратурасынын 04.03.2024-жылы № 24/143-00-07-11/1-4-00466 сандуу жазган катын аткарууга алып, Көк-Арт айыл аймагынын айылдык кеңеши төмөнкүдөй токтом кылат:

 

 

1.  Көк-Арт айыл аймагына караштуу Мазар-Булак айылындагы “Чеки” дыйкан чарбасы пайдаланып келген №284 контурдагы 25275,82 чарчы метр, № 286 контурдагы 20507,5 чарчы метр, жалпы-45783,32 чарчы метр ашыкча жер, мамлекеттик кайра бөлүштүрүү фондунун менчигине алынсын;

 

2.  Көз карандысыз баалоочуга баалатып, мамлекеттик кайра бөлүштүрүү фондунун менчигине укук аныктоочу иш кагаздарын алуу жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысы О.Анаркуловго милдеттендирилсин.

 

 

3.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

 

 

 

Төрага :

А.А. Энназаров