Редакцияот 16.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Көк-Арт айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын  кезектеги  IV сессиясынын

 

2024-жылынын 16-майы №17

 

“Ак-Тилек 2 Бала-Бакчасынын эскилиги жеткендигине байланыштуу жаңы имарат курууга уруксат берүү жөнундө”

 

Көк-Арт айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы,

Көк-Арт айыл аймагына караштуу Жерге-Тал айылында жайгашкан “Ак-Тилек 2” мектепке чейинки билим берүү уюмунун имараты 1963-жылы курулуп, эскилиги жеткендигине байланыштуу жаңы имарат курууга уруксат берүүнү сурап, жетекчиси Г.Шерматованын жазган кайрылуусун айылдык кеңештин кезектеги IV-сессиясында карап чыгып, талкуулап Көк-Арт айыл аймагынын айылдык кеңеши төмөнкүдөй токтом кылат:

 

 

1.      Көк-Арт айыл аймагына караштуу Жерге-Тал айылында жайгашкан “Ак-Тилек2” бала-бакчасынын имараты эскилиги жеткендигине байланыштуу жаңы имарат курууга макулдук берилсин;

 

2.      Тийиштүү иш кагаздарын даярдоо Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысы О.Анаркуловко жана бала-бакча жетекчиси Г.Шерматовага милдеттендирилсин.

 

3.      Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

Төрага :

А.А. Энназаров