Редакцияот 16.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Көк-Арт айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын  кезектеги  IV сессиясынын

 

2024-жылынын 16-майы №18

 

“Таран-Базар айылындагы К.Осмоналиев мектебинин короосунун сыртынан Бала-Бакча жана спорт комплексин куруу үчун жер бөлүп берүү жөнундө”

 

Көк-Арт айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы,

Көк-Арт айыл аймагына караштуу Таран-Базар айылында жайгашкан К.Осмоналиев атындагы мектептин короосунун сыртынан бала-бакча жана спорт комплексин куруу үчүн 0.30 га жер бөлүп берүүнү сурап Таран-Базар айылынын тургундарынын жазган 19.04.2024-жылдагы кириш № 8 кайрылуусун жана депутат Н.Абдукаимовдун сунушун айылдык кеңештин кезектеги IV-сессиясында карап чыгып, талкуулап Көк-Арт айыл аймагынын айылдык кеңеши төмөнкүдөй токтом кылат:

 

 

1.     Көк-Арт айыл аймагына караштуу Таран-Базар айылында жайгашкан К.Осмоналиев атындагы мектептин короосунун сыртынан 0.30 га бөлүнуп берилип, бала-бакча жана спорт комплексин курууга макулдук берилсин;

 

2.     Тийиштүү иш кагаздарын даярдоо жана мыйзам чегинде иш алып баруу жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысы О.Анаркуловго милдеттендирилсин.

3.     Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

 

 

 

 

Төрага :

А.А. Энназаров