Редакцияот 14.09.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

2022-жылдын 14-сентябры № 103-28

 

Жертөлө бөлмөсүн оңдоп-түзөө жөнүндө

 

Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Кольбаевдин айыл өкмөтүнүн имаратынын тертөлө бөлмөсүн оңдоп-түзөө иштерин кошумча каржылоо жана 2022-жылга карата социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү планына өзгөртүү, толуктоо киргизүү жөнүндөгү катын карап чыгып жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27, 34, 37-беренелерине ылайык Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

1. Жергиликтүү бюджеттен 889 586 (сегиз жүз сексен тогуз миң беш жүз сексен алты) сом өлчөмүндөгү акча каражатын сметага ылайык бөлүү жактырылсын.

2. 2022-жылга карата социалдык экономикалык жактан өнүктүрүү планына өзгөртүү, толуктоо киргизилсин.

3. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.

4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.

Төрага

А.П. Филимоненко