НУРАБАД АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Нурабад айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы
2021-жылдын 8-октябры № 04-06
Нурабад айыл өкмөтүнүн айыл чарба багытындагы жерлерди жер салыгын жана Мамлекеттик фонд жерлеринин (МФЖ) категориялары боюнча баштапкы баасын көтөрүп берүү жөнүндө
Нурабад айыл өкмөтүнүн айыл чарба багытындагы жерлерди жер салыгын жана Мамлекеттик фонд жерлеринин (МФЖ) категориялары боюнча баштапкы баасын көтөрүп берүү боюнча айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан талкууланып, Нурабад айылдык кеңеши
Токтом кылат:
1. Нурабад айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба багытындагы жерлердин жер салыгы 2022-жылдын 1-январынан баштап 30 пайызга көтөрүлсүн.
2. Нурабад айыл өкмөтүнүн аймагындагы Мамлекеттик фонд жерлеринин 2021-жылдан баштап мөөнөтү аяктаган жерлерди баштапкы баасы категориялары боюнча 50 пайызга көтөрүлсүн.
3. Мамлекеттик фонд жерлеринин 2021-жылдан баштап мөөнөтү аяктаган жерлерди баштапкы баасы категориялары боюнча 50 пайызга көтөрүлгөндүгү негизинде келишимдер түзүлсүн.
4. Нурабад айыл өкмөтүнүн жетекчилигине айыл чарба багытындагы жерлерди жер салыгы 30 пайызга ал эми категориялары боюнча Мамлекеттик фонд жерлеринин баштапкы баасы 50 пайызга көтөрүлгөнү боюнча элдерге түшүндүрүү иштери алып барышсын.
5. Бул токтомду көзөмөлдөө айылдык кеңешинин бюджеттик комиссиясына жүктөлсүн.
Нурабад айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Юсупов |