Редакцияот 08.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НУРАБАД АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Нурабад айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы

2021-жылдын 8-октябры № 04-08

Нурабад айыл өкмөтүнүн 2021- жылдын 3-кварталында жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн беренелери боюнча өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Нурабад айыл өкмөтүнүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнүн 2021 –жылга индикативдик божомолуна кошумча өзгөртүүлөр боюнча, айыл өкмөтүнүн 2021- жылдын 3-кварталында жергиликтүү бюджетина чыгаша бөлүгүнүн каражаттарынын беренелери боюнча өзгөртүү киргизүү жөнүндө айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан каралып жана талкууланып, Нурабад айылдык кеңеши

 

Токтом кылат:

 

1. Нурабад айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 4- кварталы ичинде жергиликтүү бюджетинин каражаттарынын беренелер боюнча жылдыруулары № 1- тиркеме боюнча жылдырылсын. (№1 тиркеме тиркелет)

 

.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин бюджеттик комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Нурабад айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

А. Юсупов

 

 

Нурабад айылдык кеңешинин

08.10.2021-жылдагы V- чакырык

кезектеги 4-cессиясынын

№ 04-08 токтому менен

бекитилген. № 1 тиркеме

 

Нурабад өкмөтүнүн 2021-жылдын 3-кварталында жергиликтүү бюджетинин каражаттарынын беренелер боюнча жылдыруулары төмөндөгүчө жүргүзүлсүн.

 

 

 

Берененин

аталышы

Берене

Алымча (-)

Кошумча (+)

ЖКХ

Ар түрдүү чыгым

2215

-500,0

 

 

3111

 

 

 

Айыл чарба

 

 

3112

 

 

Билим берүү (орто мектеп)

Учурдагы ремонт

2221

 

+200,8

 

 

 

 

 

 

 

 

Балдар бакчасы

Тамак аш

2218

 

56,2

 

2215

 

243,0

 

 

 

 

Бардыгы бюджет:

 

-500

+500

0

Нурабад айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

А. Юсупов