Редакцияот 18.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НУРАБАД АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Нурабад айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезексиз 5-сессиясы

2021-жылдын 18-ноябры № 05-03

Нурабад айыл өкмөтүнүн Кайрагач-Арык айылынын тургундарынын арызы жөнүндө

Кайрагач-Арык айылында жайгашкан айыл өкмөтүнүн борбордук стадионуна стадионду курулушуна өзүнүн салымын кошкон, каза болгон Муминов Бостонбайдын атын коюп «Бостонбай ата» деп бекитип берүү боюнча сунушу айылдык кеңештин депутаттары тарабынан талкуулнып, Нурабад айылдык кеңеши

 

Токтом кылат:

 

 

1. Кайрагач-Арык айылында жайгашкан айыл өкмөтүнүн борбордук стадионуна, стадиондун курулушуна өзүнүн салымын кошкон каза болгон Муминов Бостонбайдын атын коюп «Бостонбай ата» деп бекитип берилсин.

 

2. Нурабад айыл өкмүтүнүн жетекчилигине Муминов Бостонбайдын атын коюп «Бостонбай ата» деп бекитип берилген стадионго тиешелүү документтерди жасап берүү сунушталсын.

 

3.Бул токтомду көзөмөлдөө мыйзамдуулук жана жер комиссиясына жүктөлсүн.

 

Нурабад айылдык

кеңешинин төрагасынын

орун басары:

 

 

Х.Борибаева