Редакцияот 18.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НУРАБАД АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Нурабад айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезексиз 5-сессиясы

2021-жылдын 18-ноябры № 05-04

Нурабад айыл өкмөтүнө караштуу Какыр-Пилтан айылында жайгашкан сугат айдоо Мамлекетик фонд жеринен 188-контурунан 3,0 га жер көрүстөнгө айландыруу үчүн трансформациялоо (которуу ) жөнүндө

Нурабад айыл өкмөтүнө караштуу Какыр-Пилтан айылында жайгашкан сугат айдоо Мамлекетик фонд жеринен 188-контурунан 3,0 га жер көрүстөнгө айландыруу үчүн трансформациялоо (которуу ) боюнча сунушу айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан талкууланып, Нурабад айылдык кеңеши

 

Токтом кылат:

 

 

1. Нурабад айыл өкмөтүнө караштуу Какыр-Пилтан айылында жайгашкан сугат айдоо Мамлекетик фонд жеринен 188-контурунан 3,0 га жер көрүстөнгө айландыруу үчүн трансформациялоого (которууга ) макулдук берилсин .

 

2. Нурабад айыл өкмөтүнө караштуу Какыр-Пилтан айылында жайгашкан сугат айдоо Мамлекетик фонд жеринен 188-контурунан 3,0 га жер көрүстөнгө айландыруу үчүн трансформациялоого (которууга) макулдук берилген жерге тиешелүү документтерди жасап берүү айыл өкмөтүнүн жетекчилигине сунушталсын.

 

3. Бул токтомду көзөмөлдөө мыйзамдуулук жана жер комиссиясына жүктөлсүн.

 

Нурабад айылдык

кеңешинин төрагасынын

орун басары:

 

 

Х.Борибаева