НУРАБАД АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Нурабад айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги 6-сессиясы
2022-жылдын 24-январы № 06-02
Нурабад айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнү бекитүү жөнүндө
Нурабад айыл өкмөтү аймагынын финансы-экономикалык бөлүмү тарабынан даярдалып,айылдык аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2022-жылга индикативдик божомолуна ылайык даярдалып,айыл өкмөтү тарабынан сунуш кылынып айыл өкмөтү аймагындагы мекеме ишканалардын жетекчилердин катышуусу менен атайын туруктуу комиссияда талкууланып,айылдык кеңешинин туруктуу комиссиялары тарабынан жактырылган Нурабад айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнү бекитүү жөнүндөгү маселени айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан карап жана талкуулап, Нурабад айылдык кеңеши
Токтом кылат:
1. Нурабад айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата жергиликтүү бюджетинин киреше булактары жана чыгаша бөлүгүнү каржылоого каражаттар № 1- тиркемеге ылайык белгиленсин.
2. Нурабад айыл өкмөтүнүн 2022-2023-2024-жылдарга айылдык бюджетинин негизги параметрлеринин болжолу жактырылсын.2022-2023-2024-жылдарга Республикалык бюджетинен берилүүчү теңдөөчү гранттынын болжолу 2022-жылга 4499,0 миң сом, 2023-жылга 4600,0 миң сом , жана 2024-жылга 4699,0 миң сомго белгиленсин жана ар бир бюджеттик жылда тактоого алынсын.
3. Чыгымдарды каржылоо биринчи кезекте коргоого алынган беренелер боюнча (эмгек акыга ,социалдык фондуна ,тамактануу жана жеңилдиктерге) ошондой эле комуналдык чыгымдарды каржылоо боюнча жүргүзүлсүн.
Чыгашалардын корголгон беренелери боюнча штаттык сандагы бош орундагы жана нормативдик актылардын кабыл алынышына байланыштуу азайтырылышы мүмкүн.Чыгашалардын корголгон беренелерин каржылоо үчүн Нурабад айыл өкмөтүнүн финансы –экономикаык бөлүмүнө жуктөлсүн.
4. Нурабад айыл өкмөтүнүн жетекчилиги төмөнкүлөргө укукту.
-Эгерде бул айылдык бюджеттин киреше бөлүгүн азайттууга алып келбесе, ушул токтомдун 1-пунктунда бекитилген суммалардын чектеринде ушул токтомдун № 1- тиркемесине өзгөртүү киргизүүгө:
-кирешелердин болжолдонгондон ашыкча түшүүлөрүнүн эсебинен айылдык бюджеттин чыгаша бөлүгүн карап чыгууга:
-киргизилген өзгөртүүлөр айылдык кеңеш тарабынан каралат жана кабыл алынат:
5. Айылдык бюджетке кирешеден чегерүүлөр кирешелерден алынуучу салык (подоход налог) боюнча 85,0 % , сатуудан алынуучу салык боюнча 25,0 % жана Роялти боюнча 50,0 % өлчөмүндө жергиликтүү бюджетке чегерилсин.
Транспорт салыгы , жер салыгы ,патенттерден түшүүчү киреше , КБФнун ижара акысы ,кыймылсыз мүлк салыгы толугу менен 100,0 % өлчөмүндө жергиликтүү бюджетке чегерилсин.
6. Нурабад айыл өкмөтүнө караштуу болгон жайыт жерлерин пайдалангандыгы үчүн жайыт комитеттери менен келишим түзүлсүн жана жайыт жерлеринен пайдалангандыгы үчүн төлөмдөр жергиликтүү бюджетттин киреше бөлүгүнүн № 14152200 «Жайыт жерлеринен пайдалангандыгы үчүн төлөмдөр» беренесине толугу менен чегерилсин.
7. Жайыт жерлеринен пайдалангандыгы үчүн төлөмдөрдүн 3төн 2 бөлүгү жайыт комитеттеринин чыгашаларына ,калган бир бөлүгү айыл өкмөтүнүн социалдык маселелерин чечүү үчүн жумшалсын,же болбосо жайыт маселелерин чечүү үчүн жайыт комитетинин эсеп счетуна которуп берилсин.
8. Нурабад айыл өкмөтүнүн атайын каражаттарынын ,казыналык системасынан тышкары пайдалануусуна тыюу салынсын. Балдар бакчаларындагы айыл өкмөтүнүн бюджетинен бир балага күн сайын салым 18 сом өлчөмүндө белгиленсин.
9. Нурабад айыл өкмөтүнө карашту Лангар жана Какыр-Пилтан айылдарына бирден ,бардыгы болуп 2 (эки) айыл башчы штаты бекитилсин.
10. Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жана бюджетти толуктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге көмөк көрсөтүү айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Нурабад айылдык кеңешинин төрагасы: |
А. Юсупов |
Нурабад айылдык кеңешинин V-чакырылыш 6-сессиясынын 02-токтомуна № 1 тиркеме |
Нурабад айыл өкмөтүнүн 2022-2023-2024-жылдарга кирешелердин планы:
КИРЕШЕЛЕР: |
|
|
|
Кирешенин аталышы | 2022-ж | 2023-ж | 2024-ж |
Киреше салыгы (подоход налог) | 2261,0 | 2358,0 | 2429,0 |
Муниципальдык мүлк арендасы | 20,0 | 20,0 | 20,0 |
Мажбурлоо патенти | 16,0 | 16,0 | 16,0 |
Ыктыярдуу патент | 523,0 | 523,0 | 523,0 |
Кыймылсыз мүлк салыгы | 34,0 | 34,0 | 34,0 |
Транспорт салыгы | 710,0 | 710,0 | 710,0 |
Физикалык тараптардын жер салыгы | 146,8 | 146,8 | 146,8 |
Юридикалык тараптардын жер салыгы | 503,6 | 503,6 | 503,6 |
Айыл чарбасы эмес жерлердин жер салыгы | 140,0 | 140,0 | 140,0 |
Роялти | 4,2 | 4,2 | 4,2 |
Жер асты байлыктарын пайдалануу укугуна лицензия кармоо | 236,0 | 236,0 | 236,0 |
Муниципалдык мүлктөрдүн арендасы | 20,0 | 20,0 | 20,0 |
Жайлоо жерлеринин арендасы | 65,0 | 65,0 | 65,0 |
ФПС жерлеринин аренда акысы | 1047,0 | 1047,0 | 1047 |
Таштандыларды ташуу төлөмү | 160,0 | 160,0 | 160,0 |
Атайын каражаттар | 553,0 | 553,0 | 553,0 |
Айыл чарбасы эмес жерлерди сатуу | 50,0 | 50,0 | 50,0 |
Тендештирүүчү грант | 4499,0 | 4499,0 | 4499,0 |
Бардыгы: | 10989,4 | 11086,4 | 11157,4 |